Япониядан Ооганстанга 190 миллион долларлык гуманитардык жардам

Япониянын премьер-министри Фумио Кишида Чоң жыйырманын онлайн жыйынында өлкөсүнүн Ооганстанга гуманитардык жардам катары 190 миллион доллар берерин айтты.

1718885
Япониядан Ооганстанга 190 миллион долларлык гуманитардык жардам

Япониянын Ооганстанга болжол менен 190 миллион долларлык гуманитардык жардам бере турганы жарыяланды.

Япониянын премьер-министри Фумио Кишида Чоң жыйырманын онлайн жыйынында өлкөсүнүн Ооганстанга гуманитардык жардам катары 190 миллион доллар берерин айтты.

Каражаттын ушул жылдын аягына чейин эл аралык уюмдар аркылуу Ооганстанга жеткирилерин айткан Кишида, алардын максаты ооган эли туш болгон гуманитардык кризиске жардам берүү экенин билдирди.

Өткөн жума күнү Кундуздагы мечитке жасалган жардырууну да айыптаган Кишида, тиешелүү тараптар менен биргеликте эл аралык коомчулуктун жалпы көйгөйү болгон терроризм менен күрөшүү аракеттерин тездетүүнү убада кылды.

Кишиданын айтымында, талибдердин инклюзивдүү саясий процессти жүргүзүүсү өлкөнү калыбына келтирүү үчүн керектүү адам ресурстарын, каражаттарды жана колдоону алып келет.

Талибан өткөн август айында 20 жылдык тыныгуудан кийин кайрадан бийликке келген. Талибандын жетекчилиги жарыялаган билдирүүлөрдө адам укуктары урматталаары жана эл аралык коомчулук менен жакшы мамилелер түзүлөрү баса белгиленген болчу.



Тектеш кабарлар