Грузияда кулаган имараттын астынан 5 кишинин жансыз денеси чыгарылды
300 кишилик куткаруу тобу окуя болгон жерде иштеп жатат.
Кечээ Грузиянын Батуми шаарында кулаган 7 кабаттуу имараттын урандысынан 5 кишинин жансыз денеси чыгарылды.
Имараттын кулашынан кийин окуя болгон жерде башталган издөө- куткаруу иштеринин натыйжасында 5 кишинин жансыз денеси чыгарылды. Алардын ичинен экөөсү балдар.
22 сааттан бери жүргүзүлүп жаткан издөө -куткаруу иштеринин натыйжасында уранды астынан 4 киши анын ичинен экөөсү бала куткарылып, ооруканага алып барылды. Бирөөсүнүн абалынын оор экендиги белгиленди.
300 кишилик куткаруу тобу окуя болгон жерде иштеп жатат.
Изилдөө иштери ички иштер министри Ваханг Гомелауринин көзөмөлүндөжүргүзүлүүдө. Гомелаури, окуя болгон жерден берген маалыматында, дагы 3 адамды куткаруу аракеттеринин уланып жаткандыгын айтты.
Ички иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматка караганда кулаган имараттын биринчи кабатындагы үйдүн ээси жана 2 жумушчу мыйзам тышы үй ремонтуна киришкендиктен камакка алынды.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.