Грузияда 7 кабаттуу имарат кулады

Издөө – куткаруу топтору 2 баланы куткарды.

1716919
Грузияда 7 кабаттуу имарат кулады

Грузиянын Батуми шаарында 7 кабаттуу имарат белгисиз себептен улам кулап 15 адам уранды астында калды.

Премьер  - министр Иракли Гарибашвили окуя болгон жерде изилдөө жүргүздү. Массалык маалымат каражаттарына маалымат берген Гарибашвили издөө - куткаруу топторунун уранды астында калгандарды куткаруу үчүн ишин улантып жаткандыгын белгиледи. 

Гарибашвили : "Алынган маалыматка караганда 15 адам уранды астында калды. Абалдын дароо көзөмөлгө алынышы үчүн колубуздан келгенди аткарып жатабыз. 300 кишилик куткаруу тобу окуя болгон жерде иштеп жатат",- деди. 

Имарат кулагандан кийин окуя болгон жерге барган өрт өчүргүч жана издөө - куткаруу топтору куткарган 2 бала ооруканага жаткырылды. 

 



Тектеш кабарлар