Трамп Forbesтин "АКШдагы эң бай 400 адамдын" тизмесине кире алган жок

Аталган тизмеде Amazon компаниясынын башкы директору Жефф Безос 201 миллиард доллар менен биринчи орунду ээледи.

1715746
Трамп Forbesтин "АКШдагы эң бай 400 адамдын" тизмесине кире алган жок

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) мурунку президенти жана ишкер Дональд Трамп 25 жылда биринчи жолу Forbes журналы тарабынан жарыяланган "АКШдагы эң бай 400 адам" тизмесине кире алган жок.

Forbes тарабынан жасалган билдирүүдө, кыймылсыз мүлк тармагындагы байлыгы болжол менен 2,5 миллиард доллар болгон Трамптын 400 миллион доллар менен алдыңкы 400гө кире албаганы белгиленди.

Бир тараптан Трамптын коронавирус пандемиясынын башталышынан бери 600 миллион доллар жоготкону кабарланды.

Forbes журналынын АКШдагы эң бай адамдардын тизмесинде 2016-жылы АКШнын президенти болуп шайланганда 156-орунда турган Трамп, мөөнөтүнүн акыркы жылы болгон 2020-жылы 339-орунга түштү.

Аталган тизмеде Amazon компаниясынын башкы директору Жефф Безос 201 миллиард доллар менен биринчи орунду ээледи. Безостон кийин 190,5 миллиард доллар менен Tesla компаниясынын негиздөөчүсү Илон Маск, 134,5 миллиард доллар менен Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг турат.



Тектеш кабарлар