Освенцим лагеринде еврейлерге каршы жазылган жазуулар табылды

Экинчи Дүйнөлүк согушу учурунда Германия тарабынан 1940 -  жылы курулган Освенцим лагеринде төрт жарым жылдын ичинде кеминде 1, 1  миллион адам өлтүрүлгөн.

1715594
Освенцим лагеринде еврейлерге каршы жазылган жазуулар табылды

Еврейлерге каршы граффитилер Польшанын Освенцим нацисттик лагеринен табылды. Окуя боюнча тергөө иши башталды.

Фашисттер тарабынан кыргын борбору катары колдонулган Освенцим лагеринде иштеген музей кызматкерлери лагердин дубалдарына жазылган еврейлерге каршы жазууларды  табышты.

Жетекчилер  тогуз имараттын дубалына жазылган жазуулардын геноцидге жана антисемиттик мазмунга ээ экенин жарыялашты.

Шейшемби күнү эрте менен дубалдарга ураандарды жазган адамдарды көргөндөр жетекчилер менен байланышка өтүүнү талап кылды. Окуя тууралуу полицияга кабар берилди жана териштирүү иши улантылууда.

Польшада Экинчи Дүйнөлүк согушу учурунда Германия тарабынан 1940 -  жылы курулган Освенцим лагеринде төрт жарым жылдын ичинде кеминде 1, 1  миллион адам өлтүрүлгөн. Алардын бир миллионго жакыны еврейлер болгон. Жабыркагандардын көбү Биркенаудагы газ камераларына жиберилген.

 



Тектеш кабарлар