Ливиядагы Өкүлдөр палатасы парламенттик шайлоону 30 күнгө кечеңдетти

Өкүлдөр палатасынын катчысы Абдуллах Билейхик : «Парламенттик шайлоо президенттик шайлоодон 30 күндөн кийин өткөрүлөт»,- деп билдирди.

1715572
Ливиядагы Өкүлдөр палатасы парламенттик шайлоону 30 күнгө кечеңдетти

Ливиядагы Өкүлдөр палатасы парламенттик шайлоонун президенттик шайлоодон 30 күндөн кийин өткөрүлөрүн жарыялады.

Өкүлдөр палатасынын катчысы Абдуллах Билейхик бул тууралуу соцтармактан билдирди. Билейхик : «Парламенттик шайлоо президенттик шайлоодон 30 күндөн кийин өткөрүлөт»,- деп билдирип бул чечимдин «президенттин түздөн түз эл тарабынан шайланышына мүмкүнчүлүк түзүшүнө таянгандыгын» айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун Ливияда чечүү жол үчүн аныктаган жол картасына ылайык, президенттик жана парламенттик шайлоолор 24 -декабрда бир убакта өткөрүлүшү пландалууда.

Өкүлдөр палатасынын төрагасы жана өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз күчтөрдүн лидери Халифе Хафтердин саясий союздашы Акиле Салих 8 -  сентябрда бир тараптуу жана парламентте добушка сунбастан президенттик шайлоого байланыштуу мыйзам чыгарганын билдирген. Андан кийин Өкүлдөр палатасы 4 -  октябрда парламенттик шайлоо мыйзамын чыгаргандыгын жарыялаган.

Бирок өлкөдөгү башка мыйзам чыгаруу органы болгон Мамлекеттик Жогорку Кеңеш Салих чыгарган эки мыйзамды бир тараптуу жана Шарият келишимине тескери деген негиз менен «мыйзамсыз» деп жарыялап четке каккан.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар