Лавров-Блинкен сүйлөшүүсү
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштардын учурдагы маселелери талкууланды.
1715528
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, сүйлөшүүдө эки тараптуу карым-катнаштардын учурдагы маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, эки министр Ирандын өзөктүк келишиминин аткарылышын камсыздоо боюнча пикир алмашты.