Европа Биримдигинде улуу адамдардын 75 пайызы толук вакцина алды

Европа Биримдиги мүчө өлкөлөрдө жашаган улуу адамдардын 75 пайызынан көбүнүн Ковид  - 19 га каршы толук вакцина алгандыгын жарыялады.

1715638
Европа Биримдигинде улуу адамдардын 75 пайызы толук вакцина алды

Европа Биримдиги мүчө өлкөлөрдө жашаган улуу адамдардын 75 пайызынан көбүнүн Ковид  - 19 га каршы толук вакцина алгандыгын жарыялады.

Европа Биримдиги Комиссиясы соцтармактан вакцинациялоодогу акыркы абал тууралуу билдирди.

«Ар бир саат жана доза маанилүү»,- деп билдирилген маалыматта Европа Биримдигиндеги 18 жаштан жогору болгон адамдардын 75 пайызынан көбүнүн Ковид – 19га каршы толук вакцина алгандыгы белгиленди.

Маалыматта өзгөчө : «Толук вакцинациялоо инфекциядан жана ооруканага жатуудан коргойт. Вирустан  жана анын варианттарынан коргоонун эң мыкты жолу»,- деп билдирилди.

Европа Биримдиги башкаруусу мүчө өлкөлөрдөгү улуу жаштагы адамдардын 70 пайызын жай мезгилинин акырына чейин вакцинациялоо максатын билдирген. 31 -  августта бул катнаштын 70 пайызга жеткендиги жарыяланган.

Европа дары -  дармектер  агенттиги (EMA) Европа Биримдиги өлкөлөрүндөгү Pfizer/Biontech, Moderna, AstraZeneca жана Johnson & Johnson компаниялары чыгарган вакциналарды колдонууга уруксат  берүүдө.

 

 



Тектеш кабарлар