Боксер Мухаммед Алинин тарткан сүрөттөрү аукциондо сатылды
Белгилүү боксер Али 2016 - жылы паркинсон оорусунан 74 жашында дүйнөдөн кайткан.

Белгилүү боксер Мухаммед Алинин эскиздери жана сүрөттөрүнөн турган аз кездешкен коллекциясы аукциондо 1 миллион долларга сатылды.
БиБиСинин кабарына караганда АКШнын Нью - Йорк шаарындагы Bonhams аукцион үйүндө 26 көркөм чыгарма аукционго коюлду.
Көпчүлүк күткөн чыгармалардын бири "Sting Like a Bee" (Аарынын чагуусу) сатуудан муурнку болжолдордон он эсе ашыкчага, 425 000 долларга сатылды.
Алинин биринчи үч сүрөтүн 1977 - жылы Бостондогу бир таймашынан кийин тартканын айткан коллекциячы жана досу Родней Хилтон Браун чыгармаларды аукционго чыгарды. Чыгармалар күтүлгөндүн үч эсесине, жалпы 945 524 долларга сатылды.
Reuters агенттигинин маалыматына караганда 1979 – жылы кызыл, ак жана көк түстөгү полотного «Мен сени сүйөм Америка» деген жазуу менен татылган картина 150 000 долларга сатылса, 1967 – жылы ислам менен христиан динин салыштырган фломастер эскиз 24 000 долларга сатылды.
Белгилүү боксер Али 2016 - жылы паркинсон оорусунан 74 жашында дүйнөдөн кайткан.
Тектеш кабарлар

Мексикада 5,3 баллдык жер титирөө болду
Жетекчилер жер титирөөдө адам өмүрүнө жана мүлккө зыян келтирилбегендигин билдирди.