АКШда миңдеген үй - жайсыз адам кышты көчөдө өткөрүшөт

Америка Кошмо Штаттарында келе жаткан кыш айларында болжол менен 580 000 үй - жайысыз адамдар көчөдө калышат.

1715487
АКШда миңдеген үй  - жайсыз адам кышты көчөдө өткөрүшөт

Дүйнөнүн эң чоң экономикасына ээ болгон Америка Кошмо Штаттарында келе жаткан кыш айларында болжол менен 580 000 үй - жайысыз адамдар көчөдө калышат.

Ковид  - 19  эпидемиясынан көп таасирленген АКШда көчөдө жашаган 580 000ге жакын киши өлкөдө күн тартибинде орун албаса да жакындап келе жаткан кыш айларында кала турган ысык жер издөө аракетине кирет.

Нью -  Йоркто үй – жайсыз кишилердин саны 80 000ге жетсе,  Лос Анжелесте  65 000, борбор шаар Вашингтондо 7 – 8 000 экендиги болжолдолууда.

Ак үй жана Конгресс имараты сыяктуу негизги жерлерге жакын жашаган селсаяктар жай айларында чатырларда жашашса, кыш айларында көпчүлүк учурларда ысык аба агымы болгон жерлерде укташат.

Бир тараптан үй  - жайсыз кишилер өлкөнүн бир чындыгы. Бир топ киши күнүмдүк турмушта жанынан өтүп бара жаткан үй  -  жайсыз адамдары карашпайт.

Кыш айлары жакындаган сайын үй  -  жайсыз кишилердин маселелери эмне социалдык жана саясий күн тартибинде орун албайт.



Тектеш кабарлар