Жаңы Зеландияда эмдөө сертификаты колдонула баштайт

Премьер-министр Жакинда Ардерн Жаңы Зеландиялыктардын Ковид-19 вакцинасын алгандарын далилдей турган вакцинация сертификаты жөнүндө билдирүү жасады.

1714889
Жаңы Зеландияда эмдөө сертификаты колдонула баштайт

Коронавирустун (Ковид-19) дельта вариантына каршы күрөш уланып жаткан Жаңы Зеландияда эмдөө күбөлүгүн колдонуу кабыл алынды.

Премьер-министр Жакинда Ардерн Жаңы Зеландиялыктардын Ковид-19 вакцинасын алгандарын далилдей турган вакцинация сертификаты жөнүндө билдирүү жасады.

Сертификаттардын музыкалык фестивалдар сыяктуу чоң иш-чараларда талап кылынарын билдирген премьер-министр Ардерн: «Биз эмдөө күбөлүктөрүн учурда жогорку тобокелчилик деп эсептелген чөйрөлөрдө коркунучтарды азайтуу куралы катары колдонобуз»,-деди.

Жаңы Зеландиялыктардын келерки айдан баштап "эмдөө паспорту" дегенди билдирген QR-коддуу санарип Ковид-19 вакцинасынын сертификатын колдоно башташарын түшүндүргөн Ардерн: «Сураныч азыр эмдөөдөн өтүңүз, жай жакындап калды. Андыктан толук (эки доза) вакцинаны алыңыз, вирустан толук коргонуу жана өзүңүзгө жаккан нерселерди жасоо үчүн декабрда эмес ушул айда эмделишиңиз керек»,-деп айтты.

Жаңы колдонмонун жакында кантип иштээри жөнүндө кененирээк түшүндүрмө берерин белгилеген Ардерн, эмдөө сертификаттарын саламаттык сактоо кызматтары жана супермаркеттер сыяктуу жерлерде колдонууну пландаштырбаганын билдирди.



Тектеш кабарлар