ДССУ Түштүк Суданда кычкылтек өндүрүүчү жай курду

Бул заводдун күнүнө 2 миң 500 литр кычкылтек өндүрө турганы айтылды.

1715167
ДССУ Түштүк Суданда кычкылтек өндүрүүчү жай курду

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) Африка континентинде коронавируска (Ковид-19) каршы күрөштүн алкагында Түштүк Суданга кычкылтек өндүрүүчү жай курду.

ДССУнун Твиттердеги билдирүүсүндө, Африканын көптөгөн өлкөлөрүндө кычкылтек менен камсыздоодо көйгөйлөр бар экени эске салынды.

Билдирүүдө Ковид-19га каршы күрөшүү үчүн өкмөттүн жана Африка Өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Түштүк Суданга кычкылтек өндүрүүчү жай курулганы, бул заводдун күнүнө 2 миң 500 литр кычкылтек өндүрө турганы айтылды.



Тектеш кабарлар