Ооганстандагы жардырууда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Талибандын басма сөз катчысы жана Маданият министринин орун басары Забихулла Мүжахид, Кабулдун Чемен Хузури районундагы Эйдгах мечитинин кире беришинде бомба чабуулу жасалганын айтты.

1714079
Ооганстандагы жардырууда каза болгондордун саны көбөйүүдө

Ооганстандын борбору Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришиндеги жардыруудан каза болгондордун саны 5ке жетти.

Талибандын басма сөз катчысы жана Маданият министринин орун басары Забихулла Мүжахид, Кабулдун Чемен Хузури районундагы Эйдгах мечитинин кире беришинде бомба чабуулу жасалганын айтты.

Талибандын убактылуу өкмөтүнүн Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Саид Хости кол салууда каза болгондордун саны 5ке жеткенин билдирди.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, каза болгондордун саны 8, жаракат алгандар 20 киши...

Кошумчалай кетсек, күбөлөрдүн айтымында, кол салуу ошол эле мечитте бир нече күн мурун каза болгон Мүжахиддин апасынын хатими учурунда болгон.

Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.



Тектеш кабарлар