Алжир Макрондун билдирүүлөрүнө каршылык көрсөттү
Бул тууралуу Алжирдин Президенттиги тарабынан жасалган жана мамлекеттик телеканалда көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.

Алжир Франциянын президенти Эммануэль Макрондун өлкөгө карата айткан сөздөрүн айыптады.
Алжирдин Президенттиги тарабынан жасалган жана мамлекеттик телеканалда көрсөтүлгөн жазуу түрүндөгү билдирүүдө:«Макрондун билдирүүлөрү француз колониализмине (1830-1962 -жылдар аралыгында) баатырдык менен каршылык көрсөтүп өздөрүн курмандыкка чалган 5 миллион 630 миң шейиттердин элесине карата кабыл алынгыс мазактоо болуп саналат»,делди.
Франция тарабынан жасалган көп сандаган колониялык кылмыштар Алжир элине карай жасалган геноцид экени айтылган билдирүүдө, Макронго таандык болгон билдирүүлөр расмий түрдө четке кагылбаганы белгиленди.
Алжирдин ички иштерине кийлигишүүсүнө кескин түрдө каршы экендиги белгиленген билдирүүдө, президент Абдулмежид Теббун дароо Париждеги элчиси Мохаммед Антер Давудду кеңешүүгө чакыргандыгы белгиленди.
Франциянын президенти Макрон кечээги билдирүүсүндө Алжирди «Францияга кек сактаган» деп айыптады жана «Француз колониясына чейин Алжир улуту бар беле?» деген сөздөрдү колдонгон.
Тектеш кабарлар

Пакистанда кар көчкү алдында калган адам 28 сааттан кийин куткарылды
Бийлик куткарылган үч адам ооруканага жеткирилгенин, алардын абалы туруктуу экенин белгиледи.