Иран Азербайжан менен Армения чек арасында аскердик машыгуусун баштады

Машыгуу брондолгон жана артиллериялык бөлүктөрдүн, учкучсуз учуучу аппараттардын, электрондук согуш бөлүктөрүнүн жана вертолеттордун колдоосу менен башталды.

1713472
Иран Азербайжан менен Армения чек арасында аскердик машыгуусун баштады

Иран өлкөнүн түндүк - батышындагы Азербайжан менен Армениянын чек арасында "Хайберди багындыруучулар" деп аталган аскердик машыгуусун баштады.

Кургактык күчтөр командирлиги тарабынан өткөрүлгөн машыгуу брондолгон жана артиллериялык бөлүктөрдүн, учкучсуз учуучу аппараттардын, электрондук согуш бөлүктөрүнүн жана вертолеттордун колдоосу менен башталды.

Машыгуунун Азербайжанжын президенти Илхам Алиевдин Ирандын мындан мурда чек арада өткөргөн машыгууларга каршылык көрсөтүүсүнөн кийин болушу көңүлдөрдү бурду. 

Экинчи Карабах согушунун 1 - жылында, 27 - сентябрда Анадолу агенттигине (АА) жеке интервью берген Алиев Иран жүк ташуучу унааларынын оккупациядан бошотулган  Карабах аймагына мыйзамсыз түрдө жөнөтүлгөнүн айткан.

Азербайжандын оккупациядан куткарылган аймакка жиберилген Иран жүк ташуучу унааларын текшере баштагандан кийин дароо Ирандын Азербайжандын чек арасында машыгууларды баштаганына көңүлдөрдү бурган Алиев : "Биринчи белгилей турган нерсе эки өлкө тең өз жерлеринде каалаган аскердик машыгууларды өткөрө алат. Бул анын эгемендүү укугу. Буга эч ким эч нерсе айта албайт. Бирок муну  бир убкыт тилиминин ичинде анализдегенибизде эч качан болбогондугун көрөбүз. Эмне үчүн азыр жана эмне үчүн биздин чек арабызда",- деген. 


 



Тектеш кабарлар