Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили Грузияга кайтканын жарыялады

Грузиянын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Саакашвилинин Грузиянын чек араларынан өтпөгөндүгү маалымдалды.

1713354
Грузиянын мурдагы президенти Саакашвили Грузияга кайтканын жарыялады

Сырттан камакка алуу чечимине байланыштуу 8 жылдан бери өлкө тышында жүргөн Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили өлкөсүнө кайткандыгын жарыялады.

Саакашвили социалдык бөлүшүү сайты фейсбуктан берген видео билдирүүсүндө 8 жылдык убакыттан кийин Грузияга баргандыгын айтты.

Эртең өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо болорун эске салган Саакашвили  элди добуш берүүгө жана 3 -  октябрда да Тбилисинин борборунда чогулуп добуштарын коргоого чакырды.

Грузиянын ички иштер министрлигинен берилген маалыматта Саакашвилинин Грузиянын чек араларынан өтпөгөндүгү маалымдалды.

Грузия прокуратурасы 2007 -  жылы оппозициянын митингин таркатуу, Имеди телекөрсөтүү каналынын куруучусу Бадри Патаркачишвилинин мал  - мүлкүн конфискциялоо, коррупция жана кызматын кыянатыкка колдонуу, бир депутатты токмоктотуу менен айыптаган Саакашвили тууралуу камоо чечимин чыгарган.

Тбилиси шаардык соту да 2018 -  жылы Саакашвилиге бир кылмыш доосунда мунапыстыкты кыянаттык менен колдонду деген негиз менен 3 жылга эркинен ажыраткан.

Саакашвили 2013 -  жылы Грузияда президенттик кызматынын мөөнөтү толгондон кийин өлкөдөн чыгып АКШга барып андан кийин Украинага өткөн.

Украинанын президенти Владимир Зеленский өткөн жылы Саакашвилиге Украина жарандыгын берген.



Тектеш кабарлар