Газпром "Түрк агымы" аркылуу Венгрия менен Хорватияга газ жеткирүүнү баштады

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бүгүнкү күндөн баштап бул өлкөлөргө жаратылыш газы жаңы багыт аркылуу ташыла баштаганы белгиленди.

1713551
Газпром "Түрк агымы" аркылуу Венгрия менен Хорватияга газ жеткирүүнү баштады

Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпром, «Түрк агымы» кууру аркылуу Венгрия менен Хорватияга жаратылыш газын жөнөтө баштаганын жарыялады.

Газпромдун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, бүгүнкү күндөн баштап бул өлкөлөргө жаратылыш газы жаңы багыт аркылуу ташыла баштаганы белгиленди.

Билдирүүдө: «Орусиянын Венгрия менен Хорватияга жаратылыш газын жөнөтүүсү бүгүн "Түрк агымы" кууру ошондой эле Болгария, Сербия жана Венгриянын улуттук газ берүү системалары аркылуу жаңы багыттын негизинде башталды», деп кабарланды.

Украинанын Газ берүү системасы компаниясы бүгүн жасаган билдирүүсүндө, Газпромдун Венгрияга Украина аркылуу жаратылыш газы агымын токтоткону маалымдалган эле.



Тектеш кабарлар