Орусия: «Европа менен Кытай кошумча көмүр сураган жок»

Орусиянын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, кээ бир маалымат каражаттарындагы Европа менен Кытай Орусиядан кошумча көмүр талап кылгандыгы жөнүндөгү айтымдарга жооп берилди.

1712732
Орусия: «Европа менен Кытай кошумча көмүр сураган жок»

Орусия Европа менен Кытайдагы энергетикалык кризистен кийин кошумча көмүр ташылышына карата эч кандай талап болбогонун билдирди.

Орусиянын Энергетика министрлигинин билдирүүсүндө, кээ бир маалымат каражаттарындагы Европа менен Кытай Орусиядан кошумча көмүр талап кылгандыгы жөнүндөгү айтымдарга жооп берилди.

Билдирүүдө: «Орусиянын Энергетика министрлиги Кытай жана Европа өлкөлөрүнөн Орусиядан көмүр экспорттоону көбөйтүү боюнча эч кандай өтүнүч алган жок»,-деп  айтылды.

Кытайда өзгөчө көмүр менен камсыздоодогу көйгөйлөрдөн улам көптөгөн аймактарында электр энергиясынын өчүрүлүшү өлкөдөгү жашоого терс таасирин тийгизүүдө.

Европада болсо көмүрдөн электр энергиясын өндүрүү үчүн колдонулган көмүр кычкыл газынын баасынын жогорулашы жана жер алдындагы жаратылыш газын сактоочу жайлардагы запастын өткөн жылдарга салыштырмалуу төмөн болушу жаратылыш газынын баасынын рекорддук деңгээлге жетүүсүнө себеп болду.

Орусиянын эң ири электр энергиясын өндүрүү жана бөлүштүрүү боюнча компаниясы Интер РАО кечээки билдирүүсүндө, электр энергиясын көбүрөөк сатып алууну каалаган Кытайдын бул компанияга кайрылганын жарыялаган эле.



Тектеш кабарлар