Грецияда студенттер нааразы
Ковид-19дун кесепетинен бир жылга жакын билимдин үзгүлтүккө учурашына нааразы болгон студенттер окуу жайлардын ачылышын талап кылышты.
1712974
Грецияда университеттин студенттери көчөгө чыгышты.
Борбор шаар Афинада коронавирустун (Ковид-19) кесепетинен бир жылга жакын билимдин үзгүлтүккө учурашына нааразы болгон студенттер окуу жайлардын ачылышын талап кылышты.
Студент болуу кампуста болуу дегенди билдиргенин айткан митингчилер: «Эксперименттер биздин жашообузга эмес, университеттин лабораторияларында жасалышы керек» деген жазууларды көтөрүп чыгышты.
Грецияда өкмөт пандемиялык чаралардын алкагында университеттерди жапкандан кийин онлайн режиминде билим ала баштаган болчу.