Донбасста жикчилдердин кол салуусунда Украинанын бир аскери каза болду

Украинанын куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта  түн жарымынан бери жикчилдердин 3 жолу эреже бузгандыгы билдирилди.

1712746
Донбасста жикчилдердин кол салуусунда Украинанын бир аскери каза болду

Украинанын чыгышындагы Донбасс аймагында жикчилдер аткан октун натыйжасында  Украинанын бир аскери каза болду.

Украинанын куралдуу күчтөрүнөн берилген маалыматта  түн жарымынан бери жикчилдердин 3 жолу эреже бузгандыгы билдирилди.

Жикчилдердин Донбасста Папасна, Камьянка жана Новотошковская аймактарында ок аткандыгы жана ок атуунун натыйжасында бир украин аскеринин каза болгону маалымдалды.

Борбор шаар Киевде мурунку президент Виктор Януковичтин Европа Биримдигинин Өнөктөштүк келишимине кол коюшу менен 2013 -  жылы 21 -  ноябрда митингдер башталган.

Митингдердин күч алышы менен 2014 -  жылы  февраль айында Януковичтин өлкөдөн качышы менен өлкөнүн чыгышындагы Донбасста Донецк жана Луганск  шаарларында Россия жактоочусу жикчилдер көз карандысыздыгын жарыялаган.

Жикчилдер менен Киев башкаруусунун ортосунда 2014 -  жылдан бери келе жаткан кагылышууларда 13 000ден ашуун адам каза болду.



Тектеш кабарлар