Столтенберг Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Бирол менен жолугушту

Жолугушууда кайсы темалар сүйлөшүлдү?

1712039
Столтенберг Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Бирол менен жолугушту

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Эл аралык энергетика агенттигинин төрагасы Фатих Бирол менен жолугушту.

НАТОнун билдирүүсүнө караганда, Столтенберг менен Биролдун Бельгиянын борбору Брюсселдеги НАТОнун штабында өткөргөн жолугушуусунда энергетикалык коопсуздук, таза энергияны трансформациялоо жана НАТО менен агенттиктин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана коопсуздук маселелери талкууланды.

Билдирүүдө НАТОнун климаттын өзгөрүүсүн шериктектиштин иш-аракеттерине киргизгени, Эл аралык энергетика агенттигинин да көмүр кычкыл газынын чыгарылышын нөлгө жеткире турган энергетика саясаттарынын түзүлүүсүндө жетекчилик кылганы эске салынды.

Столтенбергдин эки мекеменин ортосундагы кызматташтыктын жогорулашын кубануу менен кабыл алганы маалымдалган билдирүүдө, глобалдык жактан таза энергияга өтүүнүн тыгыз мамилелерди дагы да маанилүү кылгандыгы баса белгиленди.



Тектеш кабарлар