ДССУ коркунучтуу топтогу адамдар үчүн вакцина муктаждыгы тууралуу билдирди
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус эң коркунучтуу топко киргендер үчүн 2, 4 миллиард долларлык вакцинага муктаждыктын бар экендигин билдирди.
Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Ковид - 19 эпидемиясында жалпы дүйнөдө эң коркунучтуу топко киргендер үчүн 2, 4 миллиард долларлык вакцинага муктаждыктын бар экендигин билдирди.
Гебрейесус Дүйнөлүк Соода Уюмунун 2021 Башкы форумунун ачылышында сөз сүйлөдү.
Жалпы дүйнөдө медициналык кызматкрелер, кары - картаңдар, өнөкөт оорусу барлар жана башка аялуу топтор сыяктуу жогорку коркунуч тобундагы адамдар чүүн 2,4 миллиард долларлык коронавирус вакцинасына муктаждыктын бар экендигин белгилеген Гебрейесус : «Вакциналар бар бирок эң көп муктаж болгон адамдар бул вакцинага жете албай жатат»,- деди.
Гебрейесус бул жылы өткөн Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Ассамблеясында эл аралык өзгөчө кырдаалдар учурунда "саякат чектөөлөрүнүн жоюлушуна" чакырганын эске салып, өзгөчө вакцина өндүрүшүндөгү тоскоолдуктардын жоюлушу үчүн чектөөлөрдү алып салуунун маанисине токтолду.