Түштүк Африкада коронавирустун үчүнчү толкуну аяктады

Ковид-19 тесттеринин позитивдүүлүгүнүн 3,8 пайызга чейин төмөндөгөнү жарыяланды.

1711463
Түштүк Африкада коронавирустун үчүнчү толкуну аяктады

Африкада коронавирустун (Ковид-19) учурлары эң көп катталган өлкө Түштүк Африка Республикасында пандемиянын үчүнчү толкунунун аяктаганы билдирилди.

Улуттук жугуштуу оорулар институту (NICD), Түштүк Африка Республикасы боюнча күнүмдүк бейтаптардын санынын азайышы уланып жатканын жана бүгүнкү күндөн тарта Ковид-19 тесттеринин позитивдүүлүгүнүн 3,8 пайызга чейин төмөндөгөнүн жарыялады.

Билдирүүдө "Улуттук катары учурдагы көрсөткүчтөргө ылайык үчүнчү толкундан чыктык" деген сөздөр камтылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта 578 адамдын Ковид-19ду жуктуруп алышы менен вируска чалдыккандардын жалпы саны 2 миллион 897 миң 501ге көбөйдү.

Пандемиядан улам акыркы 24 саатта 164 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 87 миң 216га жеткени кабарланды. 



Тектеш кабарлар