Орусияда COVID-19 учурларында өсүү байкалууда

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге маалымат берди.

1711693
Орусияда COVID-19 учурларында өсүү байкалууда

Орусиянын кээ бир аймактарында коронавирус (Ковид-19) учурларынын көбөйгөнү маалымдалды.

Орусиянын президенттик сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков борбор шаар Москвада журналисттерге жасаган билдирүүсүндө, өлкөдөгү Ковид-19 абалына баа берди.

Орусияда Ковид-19 пандемиясынын төртүнчү толкуну башталып же башталбаганына сереп салган Песков: «Кээ бирөөлөр төртүнчү толкун башталат деп айтып жатышат. Бирок чындыгында айрым аймактарда учурлардын саны көбөйүүдө»,- деди.

Песков өлкөдөгү аймактык жетекчиликтердин пандемиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алууга укуктуу экенин эске салды.

Орусиянын Коронавирустук инфекцияны көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун билдирүүсүнө ылайык, акыркы 24 саатта 852 адамдын каза болушу менен пандемия башталгандан бери күнүмдүк "эң жогорку" өлүм катталды. Вирустан каза болгондордун жалпы саны 205 миң 531ге жетти.

Ошол эле мезгилде өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны 21 миң 559га көбөйүп, 7 миллион 464 миң 708ди түздү.



Тектеш кабарлар