Греция Франциядан 3 фрегат алат

Грециянын премьер - министри Кирякос Мичотакис Франциянын борбору Парижде Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен жолугушту.

1711665
Греция Франциядан 3 фрегат алат

Греция Франциядан 3 жаңы фрегат сатып аларын жарыялады.

Грециянын премьер - министри Кирякос Мичотакис Франциянын борбору Парижде Франциянын президенти Еммануэль Макрон менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин билдирүү берген Мичотакис: "Бүгүн Греция жана Франция үчүн тарыхый күн. Бүгүн биз президент Макрон менен эки тараптуу коргонуу кызматташтыгыбызды өнүктүрүүнү чечтик", - деди. Мичотакис өлкөсүнүн Франциядан 3 жаңы фрегат сатып алуу боюнча келишим түзгөндүгүн жарыялады.

Кошумча дагы бир фрегаттын келишимге ыктыярдуу түрдө киргизилгенин белгилеген Грециянын премьер -министри, эки өлкөнүн ортосундагы күчтүү союздаштыкка көңүл бурду.

Греция өкмөтүнүн расмий өкүлү Британиянын Reuters агенттигине фрегаттарды сатып алуу үчүн Францияга 3 миллиард евронун тегерегинде төлөнөрүн айтты.



Тектеш кабарлар