Махмуд Аббас : "Израилге басып алууларды токтотуу үчүн бир жыл убакыт бердик"

Аббас оккупациядагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарынан Америка Кошмо Штаттарынын Нью  -  Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 -  сессиясына видео билдирүү аркылуу кайрылды.

1710382
Махмуд Аббас : "Израилге басып алууларды токтотуу үчүн бир жыл убакыт бердик"

Палестинанын мамлекет башчысы Махмуд Аббас Израилге оккупациясын токтотуу үчүн  бир жыл убакыт бергенин айтты.

Аббас оккупациядагы Батыш Шерианын Рамаллах шаарынан Америка Кошмо Штаттарынын Нью  -  Йорк шаарындагы БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76 -  сессиясына видео билдирүү аркылуу кайрылды.

Израилдин кол коюлган келишимдерге баш ийбегендигин жана бардык тынчтык демилеглеринен алыс тургандыгын баса белгилеген Аббас : «Басып алуучу мамлекетке Чыгыш Кудс жана 1967 -  жылдагы чектерди басып алууну токтотуусу үчүн бир жыл убакыт бердик. Бул убакыттын ичинде Жакынкы Чыгыш төрттүгүнүн (Россия, АКШ, Европа Биримдиги, БУУ) байкоосу астында чек араны белгилөөгө жана бардык маселелерди чечүүгө даярбыз. Болбосо эмне себептен 1967 -  жылдагы чектер боюнча Израилди таанышыбыз керек»,- деди.

Палестина калкынын өз тагдырын аныктап жана укуктарын алуу үчүн күрөшүүнү улантарын айткан Аббас : «Палестиналыктарга 1967 -  жылда белгиленген чектердин эки эсеси к тары Тарыхый Палестина жерлеринин 44 пайызын берген 1947 -  жылдагы 181 – Бөлүнүү резолюциясына негизделген чечүүчү жолго кайтуу менен бирге бардык альтернативдер калкыбызга ачык»,- деди.

Палестина калкынын Израилдин оккупациясы жана расалык басмырлоочу саясатын бекемдөө аракетин улантышы кабыл алынгыс экендигине көңүлдөрдү бурган Аббас : «Буга карабастан ал жердеги чындыктар менен абалдар Тарыхый Палестина жерлеринде баарын толук жана тең саясий укуктарга ээ болгон мамлекеттин чатыры астында жашоого мажбур кылат»,- деди.

Аббас : «Израиль варианттарды тандашы керек. Алдындагы варианттар ушулар жана бирөөсүн тандоого мажбур»,- деп эскертти.



Тектеш кабарлар