АКШ Афганистанда муктаждыктарды камсыз кылууга карата иштерди колдоого уруксат берди

Америка Кошмо Штаттарынын каржы министрлиги Афганистан калкына үзгүлтүксүз жардам берилиши жана өлкөдөгү негизги гуманитардык муктаждыктарды камсыз кылууга карата башка иштердин колдоого алынышына уруксат берди.

1710400

Министрликтен берилген маалыматта Чет элдик активдерди коргоо башкармалыгы OFAC бул тууралуу 2 жалпы лицензияны жарыялаганы билдирилди.

Маалыматта бул лицензиялар менен Афганистан калкына үзгүлтүксүз жардам берүү жана өлкөдөгү негизги муктаждыктарды камсыз кылуу боюнча башка иштердин аткарылышына колдоо көрсөтүүнүн максат кылынгандыгы белгиленди.

Маалыматта Америка Кошмо Штаттарынын санкцияларынан жапа чеккен аймактарга гуманитардык товар жана кызмат көрсөтүүгө уруксат бериле турганы билдирилип : «Казына Талибанды жана башка санкция салынган мекемелер менен жеке адамдарды мүлктөрүнөн ажыратып, Америка Кошмо Штаттарынынынын санкцияларынын Афганистандагы жарандардын Америка Кошмо Штаттарынын өкмөтү менен эл аралык коомдон гуманитардык колдоо алуу мүмкүнчүлүктөрүн чектебешин камсыз кылууда чечкиндүү»,- деп билдирилди.

Тектеш кабарлар