Украина дагы 96 кишини Ооганстандан эвакуациялады

Билдирүүдө 96 кишини ташыган эвакуациялык учактын Киевдеги Бориспол аэропортуна конгону белгиленди.

1709957
Украина дагы 96 кишини Ооганстандан эвакуациялады

Украина өзүнүн жана башка өлкөлөрдүн жарандарынан турган дагы 96 кишини Ооганстандан эвакуациялады.

Украинанын Коргоо министрлигинин билдирүүсүндө, Украинанын өз жарандарына жана башка өлкөлөрдүн жарандарына жардам берүүнү улантаары айтылды.

Билдирүүдө 96 кишини ташыган эвакуациялык учактын Киевдеги Бориспол аэропортуна конгону белгиленди.

Украинанын президентик аппаратынын башчысы Андрей Ермак 28-августта жалпысынан 600дөн ашуун кишини Ооганстандан эвакуациялагандарын билдирген болчу.



Тектеш кабарлар