Европа Биримдиги Орусияны айыптады

Жозеп Боррелдин кеңсесинен жазуу түрүндөгү билдирүү жарыяланды.

1710225
Европа Биримдиги Орусияны айыптады

Европа Биримдиги (ЕБ) Орус мамлекети менен байланышы бар экени аныкталган зыяндуу кибер аракеттерди айыптаганын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелдин кеңсесинен берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө, Орус мамлекети менен байланышкан "Ghostwriter" деп аталган зыяндуу кибер иштеринин байкалгандыгы кабарланды.

Боррель: «Бүтүндүгүбүзгө, коопсуздугубузга, демократиялык баалуулуктарыбызга, принциптерибизге жана демократиябыздын негизги иштешине коркунуч келтирүүгө аракет кылган мындай иштер кабыл алынгыс»,-деди.

Билдирүүдө ушул сыяктуу иш-аракеттердин ЕБдеги көп сандаган парламент мүчөлөрүнө, өкмөт өкүлдөрүнө, саясатчыларга жана басма сөз өкүлдөрүнө жана жарандык коомго багытталгандыгы айтылып: «Евробиримдик жана ага мүчө мамлекеттер бул зыяндуу кибер аракеттерди катуу айыпташат, аларды бардык кызыкдар адамдар дароо токтотушу керек. Биз Орусияны кибер мейкиндикте жоопкерчиликтүү мамлекеттик жүрүм-турум нормаларын сактоого чакырабыз»,- деди.

Билдирүүдө ошондой эле ЕБнин бул маселени чечүүнү улантаары жана тиешелүү жолугушууларда мындан аркы кадамдарды жасоону карап чыгары белгиленди.



Тектеш кабарлар