Дүйнөдө 3 миллиард адам жетиштүү тамактана албайт

Гутерриш БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-жыйналыштарынын алкагында өткөрүлгөн Азык-түлүк саммитинде сөз сүйлөдү.

1710026
Дүйнөдө 3 миллиард адам жетиштүү тамактана албайт

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антонио Гутерриш, дүйнөдө 3 миллиард адамдын жетиштүү тамактана албаганын айтты.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-жыйналыштарынын алкагында өткөрүлгөн Азык-түлүк саммитинде сөз сүйлөгөн Гутерриш, күн сайын миллиондогон адамдардын ачка уктап жатканына көңүл буруп: «3 миллиард адам жетиштүү тамактана албайт»,- деди.

Өндүрүлгөн азык-түлүктөрдүн болжол менен үчтөн бир бөлүгүнүн ысырап кылынгандыгын билдирген Гутерриш, адамзаттын жаратылышка каршы күрөшүү менен эгиндерге жана азык-түлүк чынжырына да зыян келтиргенин баса белгиледи.

Гутерриш: «Парник газдары эмиссиясынын үчтөн бирине азык-түлүк системалары себеп болууда. Биологиялык ар түрдүүлүктүн жоголушунун 80 пайызында да азык-түлүк системалары жооптуу»,- деди.



Тектеш кабарлар