АКШ аракандыктарга 180 миллион доллар жардам берүүнү убада кылды

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд, Бангладешке жалпы 900 миң аракандыктын баш калкалаганын билдирди.

1709562
АКШ аракандыктарга 180 миллион доллар жардам берүүнү убада кылды

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) аракандыктарга дагы 180 миллион доллар жардам берерин жарыялады.

АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Линда Томас Гринфилд БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында рохинжа элинин абалы боюнча өткөрүлгөн жогорку деңгээлдеги онлайн жыйында, аракандыктардын Мьянмада көптөгөн жылдар бою кыйноого дуушар болгондорун жана өлтүрүлгөндөрүн айтты.

Мьянмада февраль айындагы аскердик төңкөрүштөн кийин аракандыктардын абалынын начарлаганын белгилеген Гринфилд, Бангладешке жалпы 900 миң аракандыктын баш калкалаганын билдирди.

Аракандыктардын абалын көз жаздымда калтырууга болбостугун белгилеген Гринфилд, АКШнын аракандыктарга дагы болжол менен 180 миллион доллар жардам берерин, бул жардамдын 158 миллион доллары Бангладештеги аракандыктарга жардам үчүн жумшаларын кошумчалады.

БУУнун маалыматына караганда, 2017-жылдын 25-августунан кийин Аракандан качууга аргасыз болгон жана Бангладешке баш калкалаган 700 миңден ашуун качкын бар. Лагерлердеги качкындардын жарымы балдар.



Тектеш кабарлар