Ливанда жаңы өкмөт ишеним добушун алды

Премьер  - министр Микати өткөн жумада кабинети добушка салган иш планын парламентке сунуштап, кабинетин «куткаруу өкмөтү» деп таанытты.

1708604
Ливанда жаңы өкмөт ишеним добушун алды

 

Ливанда 10 -  сентябрда түзүлгөн, Нежиб Микати лидерлигиндеги жаңы өкмөт парламенттен ишеним добушун алды.

Ливандын парламент спикери Небих Берри Микатинин жетекчилигинде түзүлгөн 24  мүчөлүү кабинет даярдаган иш планын сүйлөшүү жана ишеним добушу үчүн парламентти чогултту. Премьер  - министр Микати өткөн жумада кабинети добушка салган иш планын парламентке сунуштап, кабинетин «куткаруу өкмөтү» деп таанытты.

Өлкөнү сактап калууну жана жарандарды күнүмдүк жашоосунда туш болгон кыйынчылыктардан коргоону, ошондой эле миграцияны алдын алууну максат кылышканын белгилеген Микати: «Өкмөт ичкериде жана тышта Ливан мекемелерине карата ишенимге ээ болууга аракет кылат жана кулоону токтотуу менен өнүгүү процессин баштатат»,- деди.

Ишеним добушун алгандан кийин кыска жана орто мөөнөттүү  куткаруу программасына негизделген пландоо колдоосу үчүн Эл аралык Валюта Фонду (IMF) менен сүйлөшүүлөрдү баштай тургандарын айткан Микати, Ливандын деңиз чек араларын коргоо максатында да сүйлөшүүлөргө барышарын белгиледи. Ливандагы палестиналык баш  калкалоочулардын өз жерлерине кайра кайтуу укугуна баш ийишерин жана Ливан жарандыгынын берилбей тургандыгын айткан Микати өлкөдөгү сириялык качкындардын мекендерине кайтып баруулары үчүн иштөөнү улантышарын жана баш калкалоочу жүгүнө карата эл аралык коомдун салым кошуусун талап кылышарын билдирди. Ливандын араб өлкөлөрү менен карым  - катнаштарын күчтөндүрүүгө көңүл бурушарын айткан Микати ошол эле учурда араптарды да бул кыйын мезгилде ливандыктардын жанында болууга чакырышарын белгиледи.

Жалпы шайлоону убагында өткөрүшөрүн айткан премьер  - министр Микати, Бейрут портундагы жарылуу тууралуу териштирүүнү акырына чыгарууга маани беришкендерин билдирди. Микати өкмөтү парламенттеги добуш берүү отурумуна катышкан 100 депутаттан 85нин кабыл добушу менен  ишеним добушун алды. Түрдүү дин жана секталарга таянган саясий бөлүнүүлөр жактан морт болгон Ливанда 1975 -  1990 -  жылдардагы жарандык согуштан бери эң чоң экономикалык кризис болууда.



Тектеш кабарлар