Куба балдарды коронавируска каршы эмдей баштады

Куба статистикасына караганда, кеминде 117 миң 500 балада Ковид-19 аныкталды.

1708628
Куба балдарды коронавируска каршы эмдей баштады

Куба бардык балдар үчүн коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөө программасын ишке киргизген биринчи өлкө болду.

Калкынын 90 пайызын эмдөө аракетин уланткан Куба балдар үчүн массалык эмдөө процессин баштады.

Куба статистикасына караганда, кеминде 117 миң 500 балада Ковид-19 аныкталды.

Саламаттык сактоо министри Хосе Портал Миранда балдар үчүн вирустун көбөйүшү тынчсыздандыруучу экенин айтты.

Кубада балдардын арасындагы учурлардын көбөйүшү бийликти ушул айдын башында мектептерди ачуу пландарын кийинкиге калтырууга себеп болгон.

Билим берүү министринин орун басары Евгенио Гонсалес, ата-энелердин балдарын мектепке баруусу үчүн эмдөөдөн өткөрүүнүн мажбур эместигин, бирок алар коомчулукту балдарын эмдөөгө чакырарын жана 100 пайыз куба вакциналары бар экенин айтты.

Куба Соберана-2 жана Абдала деп аталган эки башка COVID-19 вакцинасын иштеп чыкты.

Соберан-2 вакцинасы өлкөдөгү 2-18 жаштагыларга, Абдала вакцинасы чоң кишилерге берилүүдө.

Бул вакциналар эл аралык уюмдар тарабынан бекитиле элек.



Тектеш кабарлар