ДССУ вакцинага каршы чыккандарды эскертти

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) басма сөз катчысы Маргарет Харрис, Анадолу агенттигинин суроолоруна жооп берди.

1708685
ДССУ вакцинага каршы чыккандарды эскертти

Коронавирус (Ковид-19) вакцинасына каршы болгондордун, маалыматты социалдык тармактардан эмес ишенимдүү булактардан алышы керек экени билдирилди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) басма сөз катчысы Маргарет Харрис, Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Швейцариядагы кеңсесинде өткөрүлгөн пресс-конференцияда Анадолу агенттигинин (AA) Ковид-19 вакциналары тууралуу суроолоруна жооп берди.

Ковид-19 вакциналарынын абдан эффективдүү экенин баса белгилеген Харрис мындай деди:

«Тилекке каршы ооруканага жаткырылгандардын, андан да өкүнүчтүүсү каза болгондордун, атүгүл эмдөөлөр өтө жогору болгон өлкөлөрдө да 99 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндөр».

Харрис Ковид-19 вакциналары бар өлкөлөрдө эмдөөдөн өтпөөнүн чоң трагедия экенин айтты.

Ковид-19 вакциналарына байланыштуу өзгөчө социалдык медиадагы кабарлардан көптөгөн кишилердин тынчсызданганын белгилеген Харрис, вакциналар жөнүндө так маалыматтын ишенимдүү булактардан алынышы керектигин билдирди.

Харрис ДССУнун жана өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтеринин сайттарында вакциналардын коопсуздугу жөнүндө көп маалыматтар бар экенин айтты.



Тектеш кабарлар