АКШ бардык чет өлкөлүк жарандардан эмдөөнүн тастыктамасын талап кылат

Байден жетекчилигинин эл аралык каттамдар боюнча жаңы саясаты жарыяланды.

1708511
АКШ бардык чет өлкөлүк жарандардан эмдөөнүн тастыктамасын талап кылат

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) ноябрдан тарта өлкөгө саякат кыла турган 18 жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк жарандардан коронавируска (Ковид-19) каршы эмдөөнүн тастыктамасын талап кылат.

Ак үйдүн Ковид-19 менен күрөшүү боюнча кызмат тобунун координатору Жефф Зиентс пресс-конференция өткөрүп, Байден жетекчилигинин эл аралык каттамдар боюнча жаңы саясатын жарыялады.

Зиентс ноябрдан тарта өлкөгө бара турган 18 жаштан жогорку бардык чет өлкөлүк жарандардан эмдөөдөн толугу менен өткөндүгүнө байланыштуу далил талап кыла тургандарын айтты.

Экинчи жагынан АКШ жетекчилиги, учууга чейин акыркы 72 саатта жасалган ПЦР тесттеринин жыйынтыктарын талап кылууну уланта берет.

Аталган саясаттын негизинде АКШнын тыюу салынган өлкөлөрдүн тизмесине кирген Шенген өлкөлөрүнөн жана Британиядан да чет өлкөлүк жарандарга АКШга барууга уруксат берилет.

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2020-жылдын мартында Британия, Ирландия жана Бразилиядан, ошондой эле Шенген аймагындагы Европа өлкөлөрүнөн АКШга саякат кылган чет өлкөлүк жарандарга киргизилген тыюу салуунун 26-январда жоюларын жарыялаган.

Байдендин администрациясы болсо 20-январда кызматка киришкенден кийин бул чектөөлөрдүн улана турганын билдирген.



Тектеш кабарлар