Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоодо Путиндин партиясы биринчи болуп чыкты

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилованын билдирүүсүнө караганда, өлкө боюнча шайлоого катышуу 51,68 пайызды түздү.

1708296
Орусияда Мамлекеттик Думага шайлоодо Путиндин партиясы биринчи болуп чыкты

Россиянын президенти Владимир Путиндин партиясы "Бирдиктүү Орусия" 49.85 пайыз добуш менен Россиянын парламентинин төмөнкү палатасы Думага өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо биринчи болуп чыкты.

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын башчысы Элла Памфилованын билдирүүсүнө караганда, өлкө боюнча шайлоого катышуу 51,68 пайызды түздү. Добуштардын 99,69 пайызы саналып бүткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча, шайлоого катышкан 14 саясий партиянын 5и 5 пайыздык босогодон өттү.

Путиндин партиясы"Бирдиктүү Орусия" 49,85 пайыз менен биринчи орунду, Коммунисттик партия 18,96 % менен экинчи, Либерал -демократиялык партия 7,50 % менен үчүнчү, "Адилеттүү Орусия" партиясы 7,44 % менен төртүнчү жана Жаңы адамдар 5,33 пайыздык добуш менен босогодон өтүп, парламентке киришти.

Ал арада Коммунисттик партия Москвада өткөрүлгөн электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгына каршы чыкты. Коммунисттик партия Москванын администрациясына 21 жана 25-сентябрда, анын ичинде бүгүн да шайлоонун жыйынтыгы боюнча митинг уюштуруу өтүнүчү менен кайрылганына карабай, анын арызы жаңы типтеги коронавирустун (Ковид-19) шарттарына байланыштуу четке кагылды.

Маалым болгондой, Орусиядагы шайлоонун акыркы жыйынтыгы жума күнү жарыяланат.



Тектеш кабарлар