Миңдеген гаитилик иммигрант чек арадан өтүп АКШга кирди

12 миңге жакын иммигранттын Дель Рио эл аралык көпүрөсүнүн астына чогулгандыгы айтылууда.

1707452
Миңдеген гаитилик иммигрант чек арадан өтүп АКШга кирди

АКШ-Мексика чек арасындагы Техас штатына караштуу Дель Рио шаарында, миңдеген гаитилик иммигранттардын дарыяны кесип өтүп өлкөгө баш калкалоо үчүн оор шарттарда күтүп жатышкандыгы билдирилди.

Американын маалымат каражаттарында, арасында аялдар менен балдар да болгон 12 миңге жакын иммигранттын чек арадагы Дель Рио эл аралык көпүрөсүнүн астына чогулгандыгы айтылууда.

35000 калкы бар Дель Рио шаарынын мэри Бруно Лозано иммигранттардын көзөмөлсүз агымына каршы федералдык жана штат бийлигинен чукул жардам сурашканын жарыялады.

Бажы жана чек араны коргоо (CBP) кеңсесинин билдирүүсүндө да, чек ара кризисин жөнгө салуу үчүн аймакка коопсуздук күчтөрү жөнөтүлгөндүгү, процессти коопсуз жана гумандуу түрдө чечүү үчүн аракеттер көрүлгөнү кабарланды.

Билдирүүдө АКШ-Мексика чек арасын түзгөн Рио-Гранде дарыясынын тизеге чейинки суу бөлүктөрү аркылуу өткөн көпчүлүгү гаитилик мыйзамсыз иммигранттын коопсуздук күчтөрү тарабынан кармалып жайларга жеткирилиши күтүлгөнү айтылды.

Ысыктан көпүрөнүн астына баш калкалаган иммигранттарга тамак-аш жана суусундук менен кошо көчмө ажаткана кызматы көрсөтүлүп, эки аялдын төрөгөнү жана алардын биринде коронавирус (Ковид-19) аныкталганы кабарланды.



Тектеш кабарлар