"Европа Биримдиги афганистандыктарды коргоодон алыс турат"

Эл аралык адам укуктары жана качкындар уюмдары Европа Биримдигин сынга алып, жардамга муктаж афгандыктарды колдоону күчөтүүгө чакырышты.

1707249
"Европа Биримдиги афганистандыктарды коргоодон алыс турат"

Эл аралык адам укуктары жана качкындар уюмдары Европа Биримдигин сынга алып, жардамга муктаж афгандыктарды колдоону күчөтүүгө чакырышты.

Эл аралык Amnesty International, Кызыл Крест, Адам укуктары боюнча обсерватория жана Оксфам сыяктуу эл аралык коммерциялык эмес уюмдарды кошкондо, 24 уюм жардамга муктаж афгандар тууралуу  жазуу түрүндө биргелешкен билдирүү жасашты.

"Европа Биримдиги аларды коргоо жоопкерчилигинен качуунун ордуна жоопкерчиликти бөлүшүшү керек",- деп билдирилген маалыматта Афганстанда 18 миллион адамдын чукул гуманитардык жардамга муктаж экендиги жана миңдеген адамдын азыр да  өлкөдөн кетүүнү каалап жатканы билдирилди.

Билдирүүдө Европа Биримдигинин коргоого муктаж болгон афгандарга коопсуз жолдорду көрсөтүп, "ыктыярдуу көчүрүү" программасын ишке ашырышы керектиги айтылган жана Европа Биримдигинин  чектеринде артка түртүү, баш паанек укугуна ээ болуусуна тоскоол болуу сыяктуу кыймылдардын Европа Биримдиги тарабынан айыпталышы, териштирилүүсү жана санкциялоо талап кылынды.

«Афгандардын четке кагылган бардык баш паанек доолору менен камакка алуулар чукул түрдө каралып чыгылышы керек»,- деп билдирилген маалыматта афгандарды департациялоону расмий түрдө токтотуу, мыйзамдуу статусунун берилиши жана калуу укугу сыяктуу чечимдер менен депортациялоонун альтернативаларын иштеп чыгуу жана «Европа Биримдиги территорияларындагы афган качкындардын белгисиздик ичинде калтырылбашына» чакыруу салынды.

Маалыматта өзгөчө Европа Биримдигинин дипломатиялык өзгөчөлүгүн колдонуу менен эвакуациялоонун кайрадан башталышы жана каалагандардын өлкөдөн чыгышына мүмкүнчүлүк түзүү керектиги белгиленди.



Тектеш кабарлар