SpaceX космоско 4 "үйрөнчүк астронавтты" жөнөттү

SpaceXтен "Inspiration4" деп аталган демилгени сатып алган миллиардер ишкер Исаакман жана анын жанындагы адамдардын саякат бою илимий эксперименттерди жүргүзөрү белгиленди.

1706807
SpaceX космоско 4 "үйрөнчүк астронавтты" жөнөттү

Илон Маск негиздеген SpaceX космостук компаниясы орбитага 4 "үйрөнчүк астронавтты" жөнөттү.

Миллиардер ишкер Жаред Исаакман, ошондой эле Хейли Аркено, Сиан Проктор жана Крис Семброскини ташыган ажыдаар капсуласы АКШнын Флорида штатындагы Кеннеди космос борборунан учурулду.

Учуруу иши жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.03тө Falcon-9 ракетасы менен ишке ашырылды.

Капсула болжол менен 575 километр бийиктикке көтөрүлдү.

SpaceXтен "Inspiration4" деп аталган демилгени сатып алган миллиардер ишкер Исаакман жана анын жанындагы адамдардын саякат бою илимий эксперименттерди жүргүзөрү белгиленди.

Капсуланы башкаруу жер үстүнөн автоматтык түрдө камсыздалса да, үйрөнчүк астронавттар күтүүсүз кырдаалга каршы учуу алдында 6 айга жакын машыгуудан өтүшкөн.

Үч күндүк космостук саякат учурунда жүргүнчүлөрдүн дүйнөнү айланып чыгышы күтүлүүдө.

Бул сапар маанилүү, анткени SpaceXтин жарандык экипаж менен дүйнөнүн айланасында ишке ашырган биринчи саякаты.



Тектеш кабарлар