Орусияда эртең шайлоолор башталат

Өлкө боюнча жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө 110 миллион шайлоочу добуш бере алат.

1706782
Орусияда эртең шайлоолор башталат

Эртең Орусияда парламенттин төмөнкү палатасы Мамдуманын депутаттарын шайлоо үчүн добуш берүү башталат.

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Мамлекеттик Думага шайлоо коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) байланыштуу 17-19-сентябрь күндөрүнүн аралыгында өтөт.

Мындан тышкары, кээ бир федеративдик региондордо ошондой эле аткаруу бийлиги жана парламенттик шайлоого добуш берилет.

Арасында Чеченстан, Дагестан, Мордовия жана Тува республикалары болгон 12 федералдык аймакта президентти жана губернаторду шайлоо, 39 региондо парламенттик шайлоо, 19 аймакта кайра шайлоо, 11 региондун административдик борборлорунда парламенттик шайлоо жана 5 шаарда жергиликтүү шайлоолор өткөрүлөт.

Өлкө боюнча жана чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрдө 110 миллион шайлоочу добуш бере алат.

Шайлоодо Мамлекеттик Думада 450 орун үчүн 14 партия ат салышат.

Шайлоодо бийликте турган жана депутаттардын көпчүлүк бөлүгүн ээлеген Россиянын президенти Владимир Путиндин партиясы Бирдиктүү Россия жана парламентте көрсөтүлгөн Коммунисттер партиясы, Либерал -демократиялык партиясы жана Адилеттүү Орусия партиясы атаандашат.

Парламенттин сыртынан Жашылдар партиясы, Жаңы адамдар партиясы, Алма партиясы, Өнүгүү партиясы, Эркиндик жана Адилеттик партиясы, Жарандык платформа, Жашыл альтернатива, Мекен жана Социалдык адилеттүүлүк үчүн пенсиялык партия болот.

Шайлоодо 5 пайыздык босогодон өткөн партиялардын депутаттары Думадан орун алышат.

5 жылда бир өткөрүлүүчү Думаны шайлоодо 450 орундукка 225 талапкер партиялык тизмеден, 225 талапкер көз карандысыз түрдө шайланат.

Көз карандысыз талапкерлердин көбү партиялар тарабынан аныкталса, кээ бирлери мыйзамда аныкталган өлчөмдө шайлоочулардын кол тамгасы менен талапкерлигин көрсөтүшөт.

Ал арада Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму (ЕККУ) 17-19-сентябрда өтө турган шайлоого байкоочуларды жиберүүдөн баш тартты.

Агенттик баш тартуунун себебин «Россия каалагандай сандагы байкоочуларын жиберүүгө уруксат берүүдөн баш тартты» деп түшүндүрдү.

Россиянын Борбордук шайлоо комиссиясы, тескерисинче, Ковид-19 эпидемиясынын шартындагы чаралардын алкагында байкоочу уюмдун чектөөсүн алып келишкенин ырастады.



Тектеш кабарлар