Угур Шахин вакцинанын үчүнчү дозасын сайууну сунуштады

Шахин Kölner Stadt-Anzeiger гезитине сүйлөп жатып мындай деди: «Иммундук коргоосу начар адамдар үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алганы абдан туура болмок»,- деди.

1706247
Угур Шахин вакцинанын үчүнчү дозасын сайууну сунуштады

MRNA технологиясы менен коронавирустун жаңы түрүнө (Ковид-19) каршы вакцинаны иштеп чыккан BioNTech компаниясынын башкы менеджери жана тең негиздөөчүсү Угур Шахин, вакцинанын эки дозасын алган чоң кишилерге күчтөндүрүүчү мүнөздөгү вакциналардын үчүнчү дозасын берүүгө чакырды.

Шахин Kölner Stadt-Anzeiger гезитине сүйлөп жатып мындай деди: «Иммундук коргоосу начар адамдар үчүн вакцинанын үчүнчү дозасын алганы абдан туура болмок»,- деди.

Шахин ошондой эле күз айларында оорулардын санынын көбөйүшүн күтүп жатканын жана үчүнчү дозанын варианттарга каршы күрөшүүдө эффективдүү болорун баса белгиледи.

Шахин: «Бүгүнкү күнгө чейинки изилдөөлөрүбүз жана Израилден алынган алгачкы маалыматтар көрсөткөндөй, жаңы варианттан коргоо үчүнчү дозадан кийин толугу менен калыбына келет»,- деди.

Шахин мурда ушул эле темада билдирүү жасап, «Маалыматтар 3 -дозанын 95 пайыз жана инфекциянын көзөмөлүндө 97 пайыз толук коргоонун камсыздалганын көрсөтүүдө»,деген сөздөрдү айткан болчу.



Тектеш кабарлар