Жаңы Зеландия Афганистанга жардам берди

Жаңы Зеландия Афганистанга 3 миллион долларлык гуманитардык жардам бергендигин билдирди.

1705822
Жаңы Зеландия Афганистанга жардам берди

Жаңы Зеландия Афганистанга 3 миллион долларлык гуманитардык жардам бергендигин билдирди.

Жаңы Зеландиянын тышкы иштер министрлигинин расмий интернет сайтынан маалымат берген тышкы иштер министри Нанаиа Махута жардамдардын өзгөчө аялдар менен балдарга жеткирүү үчүн БУУнун Балдарга жардам фондуЮНИСЕФ жана БУУнун Калк фондуна берилгендигин маалымдады. Махута берилген 3 миллион долларлык жаңы жардамдын 2021 -жылы 20 -августта Афганистандагы Эл аралык Кызыл Крест Комитети менен БУУнун Качкындар агенттигине жеткирген 3 миллион долларлык жардамга кошумча экендигин белгиледи.

20 жылдан бери Афганистанда кызмат кылган бөлүктөрүн май айынан мурда чыгарган Жаңы Зеландия бул өлкөдөгү жарандарынын жана визасы бар афгандардын эвакуациясын 27 -августта аяктаган.

 



Тектеш кабарлар