Россия менен Беларусь "Запад-2021" машыгуусун өткөрүшөт

Машыгууга 80 учак жана тик учак, 290 танк, 240 замбирек, 760 аскердик техника жана 15 согуштук кеме катышат.

1704514
Россия менен Беларусь "Запад-2021" машыгуусун өткөрүшөт

Россия менен Беларусь батыш чек араларында "Запад-2021" биргелешкен аскердик машыгуусун өткөрүшөт.

Россиянын Коргоо министрлигинин маалымат булактары билдиргендей, Россия менен Беларустун биргелешкен аскердик машыгуусу 10-16-сентябрда эки өлкөнүн полигондорунда өтөт.

Машыгуу учурунда бардык полигондордо орус жана беларусь армиясынан 200 миңге жакын аскер кызмат өтөшөт. Машыгууга 80 учак жана тик учак, 290 танк, 240 замбирек, 760 аскердик техника жана 15 согуштук кеме катышат.

Машыгуунун экинчи этабына Армения, Казакстан, Тажикстан, Индия, Кыргызстан, Монголия, Сербия жана Шри-Ланканын аскер бөлүктөрү да чакырылган. Машыгууга Кытай, Вьетнам, Мьянма, Пакистан жана Өзбекстандан аскердик байкоочулар катышат.

Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларустун президенти Александр Лукашенко машыгууну өз өлкөлөрүндө көрүшөт.

Даярдыктары февраль айында башталган машыгуу, Россия-Беларусь армиясынын жоокерлеринин жана алардын командалык органдарынын Россия-Беларусь союздук мамлекетинин аскердик коопсуздугун биргелешип камсыздоо боюнча милдеттерин, аскерлердин кызматташтыгын жана аскердик операциялар учурунда талаа машыгууларын камтууда.



Тектеш кабарлар