Грецияда коронавирустун "Му" варианты табылды

Бейтаптардын экөөсү борбор шаар Афинанын Eleftheros Venizelos аэропортунун кире беришиндеги тесттер аркылуу аныкталса, калган 4 учур Арголида, Аттики жана Ахаиада катталды.

1702240
Грецияда коронавирустун "Му" варианты табылды

Грецияда коронавирустун биринчи жолу Колумбияда аныкталган (Ковид-19) "Му" варианты табылды.

Грециянын Улуттук коомдук саламаттыкты сактоо агенттиги (EODY) жарыялаган маалыматка ылайык, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) вакциналарга каршы чыдамкай мутацияларга ээ болгон, бирок бул маселе боюнча көбүрөөк изилдөө керек экенин айткан "Му" варианты Грецияда 6 адамда табылды.

Бейтаптардын экөөсү борбор шаар Афинанын Eleftheros Venizelos аэропортунун кире беришиндеги тесттер аркылуу аныкталса, калган 4 учур Арголида, Аттики жана Ахаиада катталды.

Ал арада вакцина жана эмдөөнүн зарылдыгы тууралуу талаш-тартыштар уланып жаткан өлкөдө EODY маалыматына караганда, ооруканаларда дарыланып жаткан 332 бейтаптын 91,71 пайызы эч качан эмдөөдөн өтпөгөн же толук эмделбеген адамдар.



Тектеш кабарлар