БУУ Ооганстан үчүн гуманитардык жардам конференциясын өткөрөт

Дюжаррик БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин да конференцияга катышуу үчүн Женевага барарын билдирди.

1702309
БУУ Ооганстан үчүн гуманитардык жардам конференциясын өткөрөт

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 13-сентябрда Швейцариянын Женева шаарында Ооганстан үчүн министрлер деңгээлинде гуманитардык жардам конференциясын өткөрөт.

БУУнун Башкы катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик, Ооганстанда маанилүү болгон гуманитардык жардамдын улантылышы үчүн керектүү каржылоонун бүткөрүлүшү максатында Женевада жогорку деңгээлдеги конференция өткөрүлөрүн жарыялады.

Дюжаррик БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин да конференцияга катышуу үчүн Женевага барарын билдирди.

БУУ Ооганстандагы гуманитардык жардамды улантуу үчүн 1,3 миллиард долларлык каражатка муктаж, бирок азырынча бул каржылоонун 39 пайызы гана аткарылды.

БУУ гуманитардык апаат коркунучу бар экенин эскерткен Ооганстанда 38 миллион адам жардамга муктаж.

БУУнун өкүлдөрү, ар бир үч афган жаранынын бири кийинки тамактын кайдан алынарын билбей турганын айтышты.

БУУнун маалыматы боюнча, 5 жашка чейинки афган балдардын жарымына жакыны келээрки 12 айдын ичинде жетишсиз тамактануудан жапа чегиши мүмкүн.

Америка Кошмо Штаттары менен Талибандын ортосунда 2020-жылдын февралында түзүлгөн тынчтык келишиминин алкагында эл аралык күчтөрдүн быйыл Афганистандан чыгып кетиши менен башталган процесстен кийин борбор шаар Кабулду курчоого алган талибдер 15-августта президент Ашраф Гани өлкөнү таштап кеткен соң шаарды кагылышуусуз көзөмөлгө алган. АКШ Ооганстандан чыгып кетүүнү 31-августта аяктаган болчу.



Тектеш кабарлар