АКШ үчүнчү дозада жетиштүү вакцина таба албай жатат

АКШда саламаттыкты сактоо жетекчилери Ак үйгө Ковид  - 19га карата үчүнчү доза вакцинанын кечигиши мүмкүн экендигин билдиришти.

1702376
АКШ үчүнчү дозада жетиштүү вакцина таба албай жатат

АКШда саламаттыкты сактоо жетекчилери Ак үйгө Ковид  - 19га карата үчүнчү доза вакцинанын кечигиши мүмкүн экендигин билдиришти.

АКШнын президенти Жо Байден 18 -  августта өлкөдө ылдам жайылып бара жаткан  «Дельта» вариантына каршы үчүнчү доза күчөтүүчү вакциналарынын 20 -  сентябрда башталарын жарыялаган. Бирок АКШ азык  - түлүк жана дары  - дармек мекемеси FDA менен Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борбору CDCнын жетекчилери Ак үйдүн Ковид – 19 координатору Жефф Зиентс менен өткөргөн жыйында Pfizer-BioNTechтен башка Moderna жана Johnson and Johnson сыяктуу вакцина чыгарган фирмалар жетерлик маалымат бербегендиктен үчүнчү доза вакцинаны бекитүү ишинин кечеңдеши мүмкүн экендиги боюнча эскертти.

Pfizer-BioNTechтин үчүнчү доза вакцинанын 20 -  сентябрга жетиштирлиши күтүлүп жатканда, канааттандыра турганчалык деңгээлде өндүрүштү ишке ашыра албаган Мodernaнын бекитилишинин АКШ азык  - түлүк жана дары  - дармек мекемеси FDA тарабынан октябрь айына кечедетилиши мүмкүн экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар