Катар: «Кабул аэропортуна техникалык колдоо боюнча Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз»

Аль Сани британиялык кесиптеши Доминик Рааб менен (Катардын борбору Дохада) Ооганстандагы акыркы абалды талкуулады.

1701542
Катар: «Кабул аэропортуна техникалык колдоо боюнча Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөбүз»

Катардын тышкы иштер министри Мохаммед бин Абдуррахман Аль Сани Ооганстандагы Кабул аэропортунун иштешине мүмкүн болгон техникалык колдоо боюнча Түркия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышканын жарыялады.

Аль Сани британиялык кесиптеши Доминик Рааб менен (Катардын борбору Дохада) Ооганстандагы акыркы абалды талкуулады.

«Биз Түркия менен Кабулдагы аэропорттун иштешине мүмкүн болгон техникалык колдоо жөнүндө сүйлөшүп жатабыз»,-деп айткан Аль Сани, талибдер менен  аэропорт боюнча байланышта экендиктерин айтты.

Аль -Жазиранын Ооганстандын Жарандык Авиациясынын булактарына таянган кабарга ылайык; Кабул аэропортунда ички каттамдар эртең башталат жана эл аралык каттамдардын башталышына убакыт керек.

Өлкөсү талибдерди тааныбай турганын айткан Улуу Британиянын тышкы иштер министри Рааб: «Биз эми түздөн-түз байланыш керек деп эсептейбиз»,-деди.



Тектеш кабарлар