Кабулдагы кол салуулар : 110 адам каза болду
Афганистандын борбор шаары Кабулдагы Хамид Карзай аэропортуна жасалган террордук кол салууда каза болгондорду саны 110го жетти.
Афганистандын борбор шаары Кабулдагы Хамид Карзай аэропортуна жасалган террордук кол салууда каза болгондорду саны 110го жетти.
150дөн ашуун адам жаракат алган окуяларда Американын 13 аскери каза болду. Талибан 28 мүчөсүн жоготкондугун билдирди.
Ошол эле учурда батыштык бир коопсуздук жетекчиси кол салуулардан кийин жарандардын эвакуациясынын ылдамдатылгандыгын жана учак каттамдарынын иреттүү түрдө ишке ашырылгандыгын белгиледи.
Кечээ эвакуация иштери улантылып жаткан Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортуна жакын аймакта эки башка жардыруу болду. Кол салуунун жоопкерчилигин ДЕАШ моюнга алды.
Кол салууну көп сандаган өлкө жана Талибан айыптады. АКШнын президенти Жо Байден бул тууралуу : «Кол салгандарды издейм»,- деп өч алууга убада берди.
Байден : «Кол салуу ДЕАШ/Хорасан деп билинген группа тарабынан жасалды»,- деди.
Акыркы жумаларда ДЕАШ/Хорасандын Кабулдагы аэропортко кол саларына байланыштуу кабар алышкандарын белгилеген Байден ушул себептен 31 - августка чейин Афганистандагы миссиясын акырына чыгарууда чечкиндүү экендерин айткан.
Тектеш кабарлар
Калкы эң көп өлкө Индия
Калкынын саны 1, 441 миллиардга жеткен Индиянын "эң көп киши жашаган өлкө" экендиги билдирилди.
Газада каза болгондордун саны 34 миң 12ге жетти
Израилдин Газа тилкесине 196 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.