Антонио Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсүн чогулууга чакырды

БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш  Афганистандагы абалдарды сүйлөшүү үчүн 30 -  август дүйшөмбү күнү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 5 туруктуу мүчөсү АКШ, Британия, Франция, Кытай жана Россиянын өкүлдөрү менен жолугушат.

1698378

Дипломатиялык булактардан алынган маалыматка караганда Гутерриш БУУнун Коопсуздук Кеңешинин вето күчүнө ээ беш туруктуу мүчөсүнүн өкүлдөрүн чогулууга чакырды.

Эвакуация иштери улантылып жаткан Афганистандын борбор шаары Кабулда кечээ Хамид Карзай эл аралык аэропортуна жакын жерде жардыруулар болду.

БиБиСи жогорку мартабалуу саламаттык сактоо кызматкерине таянып берген кабарында террордук кол салууларда эң аз 60 адамдын каза болгондугун жана 140 адамдын жаракат алгандыгын жарыялаган.

АКШнын Борбордук Күчтөрүнүн катчысы полковник Билл Урбан Кабул аэропортундагы террордук кол салууда каза болгон АКШ аскерлеринин саны 13кө жогорулагандыгын билдирген.

Кол салуунун жоопкерчилигин ДЕАШ террордук уюм алды.

Тектеш кабарлар