Афганистанда эвакуация каттамдары кайрадан башталды

Кабулдун тургундары бүгүн эрте менен Кабул аэропортунан бир канча учактын учкандыгы тууралуу билдиришти.

1698527
Афганистанда эвакуация каттамдары кайрадан башталды

Афганистандын борбор шаары Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропорту аймагында кечээ болгон террордук кол салуулардан кийин өлкөдөгү чет элдик жана афган жарандарынын эвакуациясы кайрадан башталгандыгы жарыяланды.

Кабулдун тургундары бүгүн эрте менен Кабул аэропортунан бир канча учактын учкандыгы тууралуу билдиришти.

Афганистандагы жергиликтүү телекөрсөтүү каналы Толо твда аэропрттун тышында күтүп жаткан адам санынын көбөйгөндүгүнө байланыштуу көрүнүштөрдү эфирге чыгарды.

Эвакуациялоо иштери жүрүп жаткан Кабулдагы Хамид Карзай эл аралык аэропортунажакын аймакта кечээ эки башка жарылуу болду. 

АКШнын президенти Жо Байден кол салууну жасагандарды табарын айтып, өч алууга ант берди. Байден : «Кол салуу ДЕАШ/Хорасан деп билинген группа тарабынан жасалды»,- деди.

Акыркы жумаларда ДЕАШ/Хорасандын Кабулдагы аэропортуна кол саларына байланыштуу кабарларды алгандарын белгилеген Байден ушул себептен да Афганистандагы миссияларын 31 -августка чейин бүтүрүүдө чечкиндүү экендерин айткан.

БиБиСи кол салуларда каза болгондордун санын 90ге жеткендигин, кеминде 150 адамдын да жаракат алгандыгын билдирген.

АКШ Борбордук Күчтөрүнүн катчысы полковник Бил Урбан террордук кол салууда каза болгон АКШ аскер аны 13кө, жаракат алгандардын саны 18ге жеткенин маалымдаган.

Атын билдирбеген Талибан башкаруучусу да 28 Талибан мүчөсүнүн каза болгондугун кабарлаган.



Тектеш кабарлар